ШКУ жыйыны: Күн тартибинде "жашыл" технологиялар жана илимий долбоорлор

ШКУ Загрузка... 22 Май 2026 12:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин
илим жана технология тармагындагы министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин 10-жыйынында уюмга мүчө-мамлекеттердин илимий-техникалык саясаты жана тажрыйба алмашуу маселелери каралууда.

Мында ШКУга мүчө мамлекеттердин илим жана технология тармагындагы министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин 2025-жылы Кытайдын Чэнду шаарында өткөн 9-жыйынынан кийин жүргүзүлгөн иштер талкууланууда.

Андан тышкары, бүгүнкү жыйындын күн тартибине төмөнкү актуалдуу маселелер коюлган: 


  • ШКУнун “Жашыл" технологиялык коридорун түзүү боюнча маалымат берүү.
  • Биринчи биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорунун сынагынын жыйынтыктары боюнча маалымат берүү.
  • ШКУга мүчө мамлекеттердин илим жана технология тармагындагы министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин он биринчи кеңешмесинин өткөрүү датасын жана ордун аныктоо.
  • Жыйынтык протоколго кол коюу.

Эскерте кетсек, Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин
илим жана технология тармагындагы министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин 10-жыйыны өтүдө. Иш-чараны Кыргызстандын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги өткөрүүдө.