Бишкектеги курулуш базарынан чыккан өрт толук өчүрүлдү

Кырсык Загрузка... 14 Апрель 2025 09:27
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 14.04.25. /Кабар/. Бишкектеги "Көк-Сай" курулуш базарынан чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт тууралуу маалымат 13-апрелде саат 23:59да түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 6 күжүрмөн эсеп жана Штаб тартылган.

Ичинде пластик, жыгач эшик-терезе, унитаз, эмерек чыгаруучу цехтерден жана “Евразия” базарынын боек капмасынан чыккан өрт саат саат 01:33тө чектөөгө алынып, саат 03:45те толук өчүрүлгөн.

Өрттүн аянты болжол менен 400 чарчы метрди түзөт. Учурда өрттүн чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгым такталууда.