Бишкектеги үй – бүлөлүк дарыгерлердин түйшүгү оор -министр

Ден соолук Загрузка... 27 Март 2025 15:51
5e8c971e-d185-447b-ad98-cc8e24c32b37.jpeg
copyright icon www

Бишкек, 27.03.25. /Кабар/. Бишкектеги үй – бүлөлүк дарыгерлердин түйшүгү оор. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев билдирди.

“Сандар көп же аз болушу мүмкүн. Бирок динамика көрүнмөйүнчө, алар өздөрү эч нерсе айтышпайт. Бүгүн камтуудагы прогрессти көрдүм. Эгерде 2022-жылы бир айлыкка 200 миң эркек катышкан болсо, быйыл дээрлик бир миллионго жетти. Бул өлкөнүн 18 жаштан жогорку каттоодо турган калкынын 52% түзөт”,-министр.

Ал белгилегендей, “Жоопкерчиликтүү бол!” айлыгында медайымдар чоң роль ойноду. Алар, дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгүдөй эле, бейтаптарга кеңеш берүү жана адамдардын ден соолугуна коркунуч келтирүүчү факторлорду баштапкы деңгээлде аныктоо менен алектеништи.

Эмне үчүн бир айлыкта эң аз камтуу Бишкек, Чүй жана Ош облустарында болду деген суроого жооп берип жатып, министр бул аймактарда баштапкы медициналык-санитардык жардамдын түйшүгү жогору экенин белгиледи.

“Бул бул аймактарда медициналык кадрлардын санын көбөйтүп, бир дарыгерге жүктөлгөн жүктү кыскартуу керек дегенди билдирет. Эгерде мурда үй-бүлөлүк дарыгер сиздин бүт үй-бүлөңүздү билиши керек деп эсептелсе, азыр ал өзүнө бекитилген калктын ондон бир бөлүгүн араң билет. Баштапкы саламаттык сактоо уюмдары эң жеткиликтүү болушу керек. Кичинекей аймакты тейлеген үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору,Бишкектин бир квартал жөө аралыкта болушу керек. Андан кийин үй-бүлөлүк дарыгерлердин физикалык мүмкүнчүлүктөрүн текшерүү, сүйлөшүү, анамнез чогултуу жана тобокелдик факторлорун аныктоо болот", - деди ал.

Саламаттыкты сактоо министри ошондой эле жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча мамилени өзгөртүү керектигин белгиледи.

“Биз ар дайым алдын алуу адамдарды маалымдоо деп ойлочубуз. Ооруканаларда кагазга илип, көчөлөргө көрнөк-жарнактарды илип койсок жыйынтык болот. Билим жана маалымат деңгээли адамдын чечим кабыл алуусунун 10% дан ашпаганын аныктайт.

Мисалы , тамеки чегүү зыян экенин баары билет. Бирок, ошентсе да адамдар тамеки чегет. Бул жерде сиз көчөдө каалаган супермаркеттен же күркөдөн тамеки сатып алсаңыз болот. Бул жөө аралыкта жайгашкан. Ал эми жаш муун, биринчиден, тамекини мүмкүн болушунча аз көрүшү керек, экинчиден, тамеки тартуу кымбат ырахат болушу керек. Эми чөнтөгүңүздө 10 сом болсо, тамекини жекече сатып алсаңыз болот.Биз тоскоолдуктарды жаратып, бул аркылуу дени сак чөйрөнү түзүшүбүз керек”, - деп жыйынтыктады министр.