Бишкекте Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн айрым тилкелери убактылуу жабылат

Коом 10 октябрь 2026 11:15
Бишкекте Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн айрым тилкелери убактылуу жабылат
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 10.10.26. /Кабар/. Бишкекте 10-октябрда саат 07:00дөн 23:00гө чейин жол оңдоо иштерине байланыштуу Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн айрым тилкелеринде унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Мэриянын маалыматына ылайык, чектөө Медеров көчөсүнөн Карасаев көчөсүнө чейин жана Карасаев көчөсүнөн Анкара көчөсүнө чейинки тилкелерде күчүндө болот.

Айдоочуларга каттамдарын алдын ала пландап, альтернативдүү жолдорду тандоо сунушталат.