Жол кыймылы көзөмөлдө: ЖКККББ күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда — Кабар

Жол кыймылы көзөмөлдө: ЖКККББ күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

Коом 31 август 2026 01:00
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Расмий делегациялар өткөндөн кийин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери борбор калаанын көчөлөрүндө кызмат өтөөнү улантууда.

Аталган башкармалыктан билдиришкендей, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында инспекторлор кесилиштерде жана негизги жол тилкелеринде кыймылды жөнгө салып, унаа агымын көзөмөлдөөдө жана жол кыймылынын катышуучуларына көмөк көрсөтүүдө.

“ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин сактоого, жөнгө салуучу кызматкерлердин талаптарын аткарууга жана кыймылдагы убактылуу өзгөрүүлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат”,–деп айтылат маалыматта.