Бишкекте жазуучу, драматург Бексултан Жакиев эскерилди

Маданият Загрузка... 16 Январь 2026 16:46
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Манас театры

Бишкек, 16.01.26. /Кабар/. Бүгүн, 16-январда Кыргыз улуттук “Манас” театрында Кыргыз Республикасынын Баатыры, жазуучу, драматург Бексултан Жакиевдин 90 жылдык мааракесине арналган эскерүү кече өттү. Бул тууралуу аталган театрдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, Кыргыз театр ишмерлер союзунун төрагасы Жаныш Кулмамбетов жана бир катар окумуштуулар катышты.

Эскерүү иш-чарасы алгач “Ала-Арча” көрүстөнүндө гүлчамбар коюу аземи менен башталып, андан соң Кыргыз улуттук “Манас” театрынын манасчылары, төкмө акындары жана дастанчылары тарабынан концерттик программа тартууланды.