Сүлүктүдө чек ара окуяларында курман болгондор эскерилди

Аймак 16 сентябрь 2026 14:50
813177667_1622926249200824_6481012135643650422_n.jpg
813420905_1622926442534138_8333505253214130566_n.jpg
812427176_1622926329200816_5476093429667367815_n.jpg
813177667_1622926249200824_6481012135643650422_n (1).jpg
Алдыга
Артка
813177667_1622926249200824_6481012135643650422_n.jpg
813420905_1622926442534138_8333505253214130566_n.jpg
812427176_1622926329200816_5476093429667367815_n.jpg
813177667_1622926249200824_6481012135643650422_n (1).jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 16.09.26 /Кабар/. Сүлүктүдө чек ара окуяларында курман болгондор эскерилди.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Мамлекеттик чек ара кызматынын Сүлүктү шаарындагы 2056 аскер бөлүгүндө чек ара окуяларында курман болгон мекен коргоочуларды эскерүү иш-чарасына катышты.

Эскерүү иш-чарасына Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров, чек арада кызмат өтөп жатып курман болгон жоокерлердин жакындары, аскер кызматкерлери жана коомчулук өкүлдөрү катышты.

Облус башчысы курман болгон жоокерлердин эрдиги, мекенчилдиги жана өзгөчө оор кырдаалда көрсөткөн кайратмандыгы тууралуу сөз болуп, алардын эл-жерди коргоодогу баатырдыгы кийинки муундар үчүн өрнөк экенин белгиледи.

Иш-чарада курман болгон мекен коргоочулардын арбагына багышталып Куран окулду. Алардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтылып, мекен үчүн жанын курман кылган жоокерлердин элеси эч качан унутулбай турганы белгиленди.