Бишкекте жаңыланган билим берүү стандарттары расмий түрдө тааныштырылды

Билим 23 Май 2025 12:00
493915578_1131283782378698_123655503163800207_n.jpg
493288063_1131284105711999_3139446620162950255_n.jpg
494308649_1131284555711954_4616137053489820321_n.jpg
493872936_1131284009045342_6051005418542215544_n.jpg
492510271_1131284282378648_8989790777460897708_n.jpg
493890506_1131283692378707_2394590583947334042_n.jpg
493915578_1131283782378698_123655503163800207_n.jpg
494215562_1131283952378681_8825500592336445079_n.jpg
494632629_1131284225711987_3758296987945493347_n.jpg
498199038_1131284019045341_941229142710842859_n.jpg
499281896_1131283795712030_7992360291776656757_n.jpg
499403003_1131284579045285_347615204950373247_n.jpg
499533062_1131283635712046_5602577643382496189_n.jpg
499762738_1131284025712007_2338628719485300584_n.jpg
499798442_1131283969045346_2002574463684366155_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 23.05.25./Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында өткөн Педагогикалык форумдун алкагында "Жаңы багыттар: 12 жылдык билим берүүгө өтүү жана "Алтын казык" программасы – билим берүүнүн сапатынын негизги көрсөткүчү" урааны менен жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандарттары расмий түрдө тааныштырылды.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова жана ЮНИСЕФтин Европа жана Борбор Азия боюнча аймактык директору Реджина Де Доминичис катышты.

Жаңыланган стандарттар – бул Кыргызстандын билим берүү тутумундагы окуу программаларын түзүүнүн негизин түзгөн улуттук алкак. Алар ар бир баланын сапаттуу билим алышын камсыздоого багытталып, балдардын заманбап дүйнөдө ийгиликтүү жашоосу жана өнүгүүсү үчүн зарыл болгон билим, көндүм жана компетенттүүлүктөрдү калыптандырууга багытталган.

Жаңы стандарттар мектепке чейинки тарбиядан тартып орто билимге чейинки бардык деңгээлдерди камтыйт жана өлкө боюнча 1,4 миллиондон ашуун балага эсептелген. Аларды ишке ашырууда Билим берүү жана илим министрлигине жана Кыргыз билим берүү академиясына техникалык колдоо көрсөткөн ЮНИСЕФтин салымы чоң болду.

Билим берүү – балдардын келечегин жана бүтүндөй өлкөнүн потенциалын аныктаган фактор. Жаңы билим берүү стандарттары – Кыргызстан үчүн адам капиталын өнүктүрүүдөгү стратегиялык инвестиция. Билим берүү системасын эл аралык деңгээлге шайкеш келтирүү менен өлкө Баланын укуктары жөнүндө конвенциядагы милдеттенмелерин аткарып, жаш муунду инновациялар менен туруктуу өнүгүүгө даярдоодо", – деп билдирди Реджина Де Доминичис.

Стандарттарды жаңылоо "Алтын казык" аттуу кеңири камтылган билим берүү реформасынын бир бөлүгү болуп саналат. Бул реформага 12 жылдык билим берүү системасына өтүү, мамлекеттик билим берүү стандарттарын, окуу программаларын, методикаларды жана окуу китептерин жаңыртуу, билим берүү тармагын санариптештирүү, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн ишин оптималдаштыруу жана мектепке чейинки билим берүүнү кеңейтүү кирет.

Ошондой эле ЮНИСЕФ 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн жол картасын түзүүгө, предметтик стандарттарды жаңылоого жана мугалимдердин, ата-энелердин катышуусундагы консультацияларды уюштурууга көмөктөштү. Бул аракеттер бардык балдардын, анын ичинде аярлуу топтордун жана майып балдардын муктаждыктарын эске алган туруктуу жана инклюзивдүү билим берүү системасын түзүүгө багытталган.