Бишкекте “Жаңы муун - жаркын келечек, таза муун - коопсуз келечек” жаштар форуму өтүүдө

800 14 Февраль 2025 12:19
3d5c16d9-66cd-4251-a55e-5bd48db55fc9.jpg
0d261ff2-b73e-406c-b799-88d4a0905c29.jpg
6c789aec-ab1f-4a84-8743-0699ad2cc0d4.jpg
3973e35c-e679-46b3-b725-69dc448e732c.jpg
a1e1ea74-919b-41c9-bcd0-d1955a42d640.jpg
Алдыга
Артка

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.02.25. /Бишкек/. Бүгүн Бишкекте "Жаңы муун - жаркын келечек, таза муун - коопсуз келечек" жаштар форуму өтүүдө.

Иш-чарага Чуй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Каныбек Абдырахманов, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү жана окуучулар катышууда.

Форумдун максаты - жаштар арасындагы баңгизаттын жайылышынын алдын алуу, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн конституциялык укуктарын коргоону камсыз кылуу, өспүрүмдөр арасындагы терс көрүнүштөрдүн алдын алуу.

Белгилей кетсек, форум министрлер кабинетинин 2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча кабыл алынган "Улуттук пландын" талаптарын аткаруунун алкагында өтүүдө.