Бишкекте жаштар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө

Спорт 19 Январь 2026 08:50
FB_IMG_1768789985325.jpg
FB_IMG_1768790010845.jpg
FB_IMG_1768790018383.jpg
FB_IMG_1768790015925.jpg
FB_IMG_1768790033999.jpg
FB_IMG_1768790013151.jpg
FB_IMG_1768790008797.jpg
FB_IMG_1768790000519.jpg
FB_IMG_1768789995806.jpg
FB_IMG_1768789993441.jpg
FB_IMG_1768789989890.jpg
FB_IMG_1768789987611.jpg
FB_IMG_1768789982651.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1768789985325.jpg
FB_IMG_1768790010845.jpg
FB_IMG_1768790018383.jpg
FB_IMG_1768790015925.jpg
FB_IMG_1768790033999.jpg
FB_IMG_1768790013151.jpg
FB_IMG_1768790008797.jpg
FB_IMG_1768790000519.jpg
FB_IMG_1768789995806.jpg
FB_IMG_1768789993441.jpg
FB_IMG_1768789989890.jpg
FB_IMG_1768789987611.jpg
FB_IMG_1768789982651.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 19.01.26. /Кабар/. 18-январда Бишкек шаарында 20 жашка (U-20) чейинки спортчулар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Салтанаттуу иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, агенттиктин директору Казыбек Молдажиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Улуттук олимпиада комитетинин төрагасы Умбеталы Кыдыралиев, хоккей федерациясынын президенти Анвар Омурканов, Эл аралык хоккей федерациясынын кеңешинин мүчөсү Франц Рейндл, ошондой эле спортчулар, машыктыруучулар жана күйөрмандар катышты.

Чемпионаттын ачылыш күнүндө турнирдин кожоюндары болгон Кыргыз Республикасынын жана Гонконгдун (Кытай) жаштар курама командалары беттешти.

Жыйынтыгында Кыргызстандын курамасы Гонконгдун (Кытай) командасын 4:1 эсебинде жеңди.

Белгилей кетсек, хоккей боюнча U-20 дүйнө чемпионаты 24-январга чейин уланат. Турнирде Кыргызстан, Мексика, Люксембург, Түштүк Африка, Иран жана Гонконг (Кытай) курама командалары күч сынашат.