Бишкекте жаш мушкерлер арасында өлкө чемпионаты башталды

Спорт 17 Декабрь 2025 15:10
600965974_878212214551997_6173760244988063207_n.jpg
600980864_878212194551999_2659187684894986467_n.jpg
600960426_878212351218650_2670219109540101487_n.jpg
600994096_878212307885321_7667828093638927500_n.jpg
601016848_878212191218666_3165077512104468705_n.jpg
601332075_878212324551986_2049494969954626282_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте 2008-2009-жылдары төрөлгөн улан-кыздар арасында бокс боюнча Кыргызстандын биринчилиги башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдешке өлкөнүн бардык аймагынан келген мушкерлер катышууда.

Бокс боюнча биринчилик эл аралык эрежелерге ылайык, балдар арасында 10 салмактык категория боюнча өтүүдө: 50 кг, 55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг, 80 кг, 85 кг, 90 кг чейин жана 90 кгдан жогору.

Кыздар арасында 9 салмак категориясында 48 кг, 51 кг, 54 кг, 57 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг жана 80 кг чейинки салмак чендеринде беттештер өтөт.

Мелдештер 21-декабрга чейин уланат. Жыйынтыгында жеңүүчү мушкерлерге медаль жана дипломдор тапшырылат.

Белгиленгендей, биринчилик өткөрүүнүн негизги максаты мыкты мушкерлерди тандап алуу, өлкөнүн улуттук курама командасын түзүү, боксту өнүктүрүү жана жаштар арасында спорттун бул түрүнүн популярдуулугун арттыруу болуп саналат.