Бишкекте жаш балбандар арасында өлкө чемпионаты өтүүдө

Спорт 05 Февраль 2026 17:52
IMG_3267.JPG.jpeg
IMG_3262.JPG.jpeg
IMG_3258.JPG.jpeg
IMG_3257.JPG.jpeg
IMG_3256.JPG.jpeg
IMG_3248.JPG.jpeg
IMG_3245.JPG.jpeg
IMG_3235.JPG.jpeg
IMG_3228.JPG.jpeg
IMG_3227.JPG.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_3267.JPG.jpeg
IMG_3262.JPG.jpeg
IMG_3258.JPG.jpeg
IMG_3257.JPG.jpeg
IMG_3256.JPG.jpeg
IMG_3248.JPG.jpeg
IMG_3245.JPG.jpeg
IMG_3235.JPG.jpeg
IMG_3228.JPG.jpeg
IMG_3227.JPG.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Бүгүн Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 17 (U17) жашка чейинки спортчулар арасында спорттук күрөш боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча I, II, III орундарды ээлеген балбандар медаль жана дипломдор менен сыйланат, ошондой эле Кыргызстандын курама командасынын курамына киргизилет.

Белгилей кетсек, мелдештин биринчи күнүндө 17 жашка чейинки кыз-келиндер арасындагы беттештер өтүүдө.

Мелдештин негизги максаты – күрөштү жайылтуу, сергек жашоого үндөө жана 2026-жылдагы эл аралык турнирлерге улуттук кураманы тандоо.

Кыз-келиндер төмөнкү салмак категориялары боюнча күч сынашат: 40, 43, 46, 49, 53, 57, 61, 65, 69, 73 кг.

Финалдык беттештер саат 17:00дө башталат.