Бишкекте жана Ысык-Көлдө Juventus эл аралык футбол академиясы ачылат

Спорт 150 20 Август 2026 16:35
775871785_1360411036280811_5133494756399194892_n.jpg
775261052_1360411089614139_3398682755376709890_n.jpg
782211980_1360411152947466_6429900667814364342_n.jpg
775377431_1360411079614140_7946120683988950738_n.jpg
Алдыга
Артка
775871785_1360411036280811_5133494756399194892_n.jpg
775261052_1360411089614139_3398682755376709890_n.jpg
782211980_1360411152947466_6429900667814364342_n.jpg
775377431_1360411079614140_7946120683988950738_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчумановдун жетекчилиги алдында Juventus Academy Kyrgyzstan инвестициялык долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча жыйын өттү.

Агенттиктен билдиришкендей, долбоор Бишкек шаарында балдар-өспүрүмдөр футбол борборун жана Ысык-Көл облусунда эл аралык окуу-машыгуу комплексин түзүүнү карайт.

Бишкек шаарында аянты 3–5 га болгон жер тилкесине футбол аянтчаларын, жабык манежди жана 250–400 окуучуга ылайыкталган билим берүү мектебин камтыган спорттук-билим берүү комплексин жайгаштыруу пландалууда.

Жыйында жер тилкесин тандоо, долбоорду ишке ашыруу механизмин аныктоо жана мамлекеттик органдар менен мындан аркы өз ара аракеттенүү маселелери каралды.

Долбоорду ишке ашыруу балдар-өспүрүмдөр футболун өнүктүрүүгө, жаш спортчуларды даярдоого жана ата мекендик машыктыруучулардын квалификациясын жогорулатууга багытталган.