Бишкекте Түндүк айланма жолго жанаша жол курулат

Коом 1175 10 Апрель 2026 09:06
1775740975.jpeg
1775740924.jpeg
1775740919.jpeg
Алдыга
Артка
1775740975.jpeg
1775740924.jpeg
1775740919.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Новопавловкада Түндүк айланма жолго жанаша жол куруу маселеси талкууланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэр Айбек Жунушалиев Новопавловка №106 муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен көчмө жыйын өткөрдү. Жаңы жол Новопавловкадагы Гоголь көчөсүнөн башталып, Түндүк айланма жолго чейин созулат, анын узундугу 17 чакырымды түзөт.

Белгиленгендей, долбоорду ишке ашыруунун алкагында жер тилкелерин алмаштыруу механизми караштырылат.

"Мэр Ленин райондук администрациясына ар бир жер үлүшүнүн ээсинен арыздарды кабыл алууну уюштуруп, маалыматтарды тактоо жана жаңылоо тапшырмасын берди",-деп айтылат маалыматта.