Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Күн мурун Жогорку Кеңештин ттөрагасы Марлен Маматалиев Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) башкы катчысы Рамиль Хасанды кабыл алды.
Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда ТүркПАнын алкагындагы парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланып, 19–20-октябрда Бишкек шаарында өтө турган ассамблеянын жыйындары тууралуу да сөз болду.
Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеш боордош мамлекеттердин парламенттери менен калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп: “Ага ылайык, Бишкекте өтө турган жыйындарга чоң даярдыктар көрүлүүдө. Себеби ТүркПАнын жыйындары парламенттер ортосундагы диалогду чыңдоо менен катар мамлекеттер аралык мамилелерди бекемдеген маанилүү аянтча”, – деди.