Кара түтүн качан азаят? Борбордогу таштанды заводу ишке кирсе, экологиялык көйгөйлөр чечилет

Экология Загрузка... 18 Ноябрь 2025 17:55
1763116156.jpg
copyright icon Бишкек мэриясы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.11.25. /Кабар/. Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу аяктоо алдында турат. Объект 26-декабрда ишке киргизилери мерчемделүүдө. Бишкек шаарынан чыккан тонналаган таштандылар төгүлчү полигон маселеси ондогон жылдардан бери айтылып келген. Андан чыккан өрттүн түтүнү жакынкы конуштарды каптап, таштандынын жыты адам чыдагыс эле. Жаңы завод пайдаланууга берилсе, экологиялык көйгөйлөр артта калат дешет адистер. Биз алдыда жаңы таштанды заводунун өзгөчөлүгү тууралуу сөз кылабыз.

482059000_1055084923092271_2729685462595387013_n

Таштандыны кайра иштетүүчү завод 12 гектарды ээлейт

Заводдун жалпы аянты 12 гектарды түзөт.

Заводдун аймагы алты негизги зонага бөлүнгөн:

  • түшүрүү залы,
  • таштанды чуңкуру,
  • отказан аянты,
  • түтүн газдарды тазалоо зонасы,
  • түтүктөр цехи,
  • гидротехникалык аймак.

Ошондой эле административдик имарат, анын ичинде кеңсе аянты, таразага тартуучу бөлмө жайгашат.

1763116156

Таштандыдан электр энергиясы өндүрүлөт

Долбоордун шаардын экологиялык көйгөйлөрүн чечүү, таштандыларды чыгаруу көлөмүн азайтуу жана борбордун энергетикалык көз карандысыздыгын жогорулатуу үчүн мааниси чоң.

Санитардык полигондун аймагына курулуп жаткан таштандыларды утилдештирүү заводу биринчи этапта суткасына 1000 тонна таштандыны кайра иштетип, күнүнө 460 МВт, ал эми жылына 180 миң МВтка барабар электр энергиясын өндүрөрү пландалууда. Келечекте бул ишкананын кубаттуулугун жогорулатуу менен калдыктарды утилдештирүүнүн көлөмүн суткасына 3000 тоннага жеткирүү пландалууда.

1763115979

Завод эл аралык стандарттарга жооп берет. Анда айлана-чөйрөгө минималдуу таасирди камсыз кылуучу түтүн газын тазалоонун заманбап технологияларын колдонууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү завод айланма жолдо, санитардык полигондун аймагында жайгашкан. Бул таштандыларды ташууда транспорттук чыгымдарды да азайтат.

1763116189_large

Буга кошумча шлак жана акиташ заводдору ишке кирет

Эки завод тең таштандыны кайра иштетүүчү заводго жакын аймакта жайгашкан. Учурда курулуш иштери жүрүүдө. “Кабар” агенттигине Биринчи май районунун администрациясынын башчысы - аким Улан Сарылбек уулу маалымдагандай, таштандыны өрттөө учурунда атайын технологияга ылайык түтүндү тазалоо үчүн күнүгө 10 тонна акиташ керектелет. Ошондо ишкана таштанды заводун акиташ менен камсыздамакчы.

WhatsApp_Image_htwjeqd.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Акимдин пикиринде, бир күндө таштанды заводунда миң тонна калдык кайра иштетиле турган болсо, андан 200 тонна шлак чыгат. Ишкана шлакты кайра иштетүү менен курулуш материалдарын чыгармакчы.

“Шлакты кайра иштетүүчү заводго жана акиташ заводуна жер тилкелери бөлүнгөн. Эки заводго тең жер аянттары келишимдин негизинде ижарага берилген. Шлак заводу жайгаша турган 4 гектар жерде азыр курулуш иштери жүрүп жатат. Декабрь айында таштандыны утилдештирүү заводу ишке киргени турат. Бул завод да ошол убакта курулуп бүтүшү керек. Анткени таштандыны кайра иштетүүчү заводдон чыккан шлакты жаңы завод иштетиши керек. Акиташ заводу да удаа курулуп келе жатат. Таштандыны өрттөө учурунда атайын технологияга ылайык түтүндү тазалоо үчүн күнүгө он тонна акиташ керектелет. Ошондо ишкана таштанды заводун акиташ менен камсыздайт. Акиташ заводу да декабрь айында ишке киргизилет”, - деди район жетекчиси.
WhatsApp_Image_jZ6Hh7A.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Улан Сарылбек уулу белгилегендей, эки өндүрүш ишканасы пайдаланууга берилсе, 40ка жакын жумуш оруну түзүлөт. Заводдордун курулуш иштерине инвестиция тартылды. Шлакты кайра иштетүүчү заводго 1,5 млн доллар, акиташ заводуна 10 млн долларга жакын каражат жумшалат.

Учурда таштанды заводуна 120 тоннадан ашык таштанды жеткирилди

Мэриядан маалымдашкандай, таштандыларды кайра иштетүүчү жаңы заводго катуу тиричилик калдыктарды пилоттук жеткирүү иштери жүрүүдө. Өткөн жумада пилоттук режимдин алкагында 17 даана атайын техника бирден каттам жасап, жалпы жонунан 126 тонна таштанды жеткирген. Көлөм 1000 тоннага жеткенден кийин, таштандыларды утилдештирип, андан соң электр энергиясын өндүрүү процесси ишке киргизилет.

1763116189_large

Геоэкология багыты боюнча адис Элегия Бокоева “Кабар” агенттигине билдиргендей, таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулуп жатканы коом үчүн, анын ичинде жашоочулар үчүн маанилүү. Себеби, айлана-чөйрөнүн таштандылар менен булганышы адамдын ден соолугуна түздөн-түз таасир тийгизет.

“Бишкек шаарында буга чейин таштандыны иштетүүчү завод жок болчу. Таштанды көйгөйү ошол полигон жайгашкан аймактагы конуштарга өзгөчө терс таасирин тийгизип келген. Таштанды чогулган жерде оору козгоочу микроорганизмдердин таралышына жол ачылат. Химиялык-биологиялык реакциялар жүргөндүктөн, кишилердин ден соолугуна чоң көйгөй жаратат. Таштандыларды кайра иштетүү өлкөдө жашыл экономиканы өнүктүрүүгө жана адам ден соолугуна оң таасирин тийгизүүгө өбөлгө түзөт деген ойдомун. Көп мамлекеттерде учурда таштандыны кайра иштетүү жолу менен бөлүнүп чыккан энергияны шаар жашоочуларынын үйүн жылытууга багыттасак, энергетика тармагы үчүн дагы пайдалуу болот деп эсептейм” , -деди Элегия Бокоева.

Долбоордун инвестициясынын жалпы көлөмү 95 млн долларды түзөт

Долбоор 2023-жылдын ноябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана Junxin компаниясынын башкы директору Дай Даогуо тарабынан кол коюлган алкактык келишимдин алкагында ишке ашырылууда. 2024-жылдын 29-мартында курулуш аянтчасына мезгил кутусу салынган.

Инвестициялык долбоор министрлер кабинетинин 2024-жылдын 28-мартындагы токтому менен бекитилген. Инвестициянын жалпы көлөмү 95 млн АКШ долларын түзөт.

1763115941