Бишкекте таштанды өрттөгөндөргө 2,3 млн сомдон ашык айып салынды

Укук тартиби 6 ноябрь 2025 10:48
577880603_1192110656298749_6885389455391387608_n.jpg
576283552_1192110696298745_2638914985101043683_n.jpg
577638173_1192110679632080_2232329219737885828_n.jpg
577365715_1192110716298743_2801994496625580100_n.jpg
577731661_1192110666298748_2315866783574941232_n.jpg
576503869_1192110672965414_4533565996999068302_n.jpg
Алдыга
Артка
577880603_1192110656298749_6885389455391387608_n.jpg
576283552_1192110696298745_2638914985101043683_n.jpg
577638173_1192110679632080_2232329219737885828_n.jpg
577365715_1192110716298743_2801994496625580100_n.jpg
577731661_1192110666298748_2315866783574941232_n.jpg
576503869_1192110672965414_4533565996999068302_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 06.11.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы суук түшүшү менен абаны коргоо жана жылытуу мезгилинде экологиялык мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча чараларды күчөттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, акыркы жумада колдонулган унаа майларын, тиричилик таштандыларын жана башка тыюу салынган материалдарды өрттөө фактылары катталды. Мындай аракеттер уулуу заттардын абага бөлүнүшүнө жана абанын булганышына алып келет. Бул өз кезегинде шаар тургундарынын ден соолугуна жана борбор калаанын экологиялык абалына терс таасирин тийгизет.

Мыйзам бузууларды токтотуу максатында инспекция мончолордо, сауналарда, ишканаларда жана жеке менчик объектилерде туруктуу рейддерди жүргүзүүдө. Текшерүүлөрдүн максаты — тигүү өндүрүшүнүн калдыктарын, автоунаа майларын, боёк жана лак материалдарын, пластмасса, каучук, оргстекло, резина жана башка уулуу заттарды өрттөө учурларын аныктоо.

2025-жылдын башынан бери 148 рейд өткөрүлүп, анын жыйынтыгында 231 экологиялык мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул мыйзам бузуулар боюнча жалпы суммасы 2 миллион 383 миң 500 сом болгон айып пулдар салынды.

Муниципалдык инспекция борбор калаанын тургундарын экологиялык эрежелерди сактоого чакырат жана төмөнкүлөрдү эскертет:

  • жылытуу үчүн колдонулган майларды, таштандыларды жана башка уулуу заттарды колдонбоо;
  • жалбырактарды, чөптөрдү жана тиричилик таштандыларын өрттөбөө;
  • мүмкүн болушунча экологиялык жактан таза отун түрлөрүн, анын ичинде газ менен жылытууну колдонуу.

Белгилей кетсек, таштандыларды же башка тыюу салынган материалдарды өрттөө үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык административдик жоопкерчилик каралган.