Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Бүгүн Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев Күрөш федерациясынын мүчөлөрү менен спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатына даярдык көрүү маселелерине арналган жыйын өткөрдү.
Агенттиктен билдиришкендей, жыйында үстүбүздөгү жылдын 7-12-апрель күндөрү өтө турган грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатын уюштуруу маселелери каралды.
Катышуучулар спорттук инфратүзүмдөрдү даярдоо планы, командаларды жайгаштыруу жана логистика, катышуучуларды жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн аккредитациялоо, коопсуздук чаралары, медициналык камсыздоо, ошондой эле коноктор жана расмий делегациялар үчүн маданий программа тууралуу талкуулашты.
Жыйында мамлекеттик түзүмдөр менен федерациянын биргелешкен иштери координацияланып, даярдыктын жүрүшү боюнча отчеттор угулду жана негизги иштердин мөөнөттөрү белгиленди.
Жыйындын соңунда мелдешти эл аралык стандарттарга ылайык уюштуруу жана даярдык графигин сактоо боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.