Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. 26-июндан 5-июлга чейин Бишкек шаарында сурдо футзал боюнча биринчи Азия чемпионаты өтөт.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, чемпионат "Алга" стадионунда өткөрүлөт.
Ага Азиянын 6 өлкөсүнөн эркектер жана кыз-келиндер улуттук курама командалары катышып, континенттин мыкты командалары чемпиондук наам жана Дефлимпиадага жолдомо үчүн күч сынашат.
Мелдеш 2027-жылы Австриянын Тироль аймагында өтө турган Кышкы Дефлимпиада оюндарына жолдомо берүүчү квалификациялык мелдеш болуп саналат.
Белгилей кетсек, бул Борбор Азия аймагында Азиянын сурдо футбол федерациясынын (Asian Deaf Football Federation – ADFF) алкагында өткөрүлүп жаткан сурдо футзал боюнча алгачкы Азия чемпионаты болуп саналат.