Бишкекте ШКУнун туризм боюнча III жаштар форуму өттү

ШКУ Жүктөлүүдө... 17 Июль 2026 17:50
749585437_1632751235091703_6793830488432108635_n.jpg
748306880_1889876938638208_5073449533220995043_n.jpg
748954601_1769926204185956_5542576893540317102_n.jpg
Алдыга
Артка
749585437_1632751235091703_6793830488432108635_n.jpg
748306880_1889876938638208_5073449533220995043_n.jpg
748954601_1769926204185956_5542576893540317102_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин туризм боюнча III жаштар форуму өттү.

Мааданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү, жаштар уюмдарынын мүчөлөрү, туризм тармагынын адистери, эксперттер жана ШКУга мүчө өлкөлөрдүн расмий делегациялары катышты.

Форумда уюмга мүчө мамлекеттердин туристтик кызматташтыгын кеңейтүү жана туризм тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды. Катышуучулар экологиялык, тоо жана маданий туризмди өнүктүрүү, туристтик иш-чаралардын календарын жана туристтик агымдар тууралуу маалыматтарды камтыган ШКУнун бирдиктүү санариптик туристтик платформасын түзүүнү сунушташты. Ошондой эле туристтик алмашууларды кеңейтүү үчүн визалык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Форумдун жыйынтыгында ШКУнун Катчылыгы туризм жана жаштар кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.