Бишкекте ШКУнун эл аралык жаштар форуму өтөт

ШКУ Загрузка... 11 Июль 2026 12:00
742324797_950446864673951_5393634598716025442_n.jpg
copyright icon ЖИ

Бишкек, 11.07.26. /Кабар/. 16-19-июль күндөрү Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун Жаштар кеңешинин XIX жыйыны жана туризмди өнүктүрүү боюнча III Жаштар форуму өтөт.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чаралар Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгынын алкагында эки масштабдуу иш-чара биригип өтөт.

Иш-чаранын башкы максаты уюмга мүчө өлкөлөрдүн жаштарынын ортосундагы достукту жана ишенимди бекемдөө, жаштар туризмин өнүктүрүү жана маданий байланыштарды чыңдоо, туризм тармагындагы инновациялык демилгелерди жана биргелешкен долбоорлорду талкуулоо болуп саналат.

Ага министрлер кабинетинин жетекчилиги, ШКУга мүчө мамлекеттердин расмий делегациялары, жаштар уюмдарынын, туристтик индустриянын, бизнестин жана жарандык сектордун өкүлдөрү катышат.

Форумдун соңунда ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларына жолдончу расмий кайрылуу кабыл алынат.