Бишкекте “ШКУ плюс” форматындагы жыйын башталууда — Кабар

Бишкекте “ШКУ плюс” форматындагы жыйын башталууда

ШКУ 1 сентябрь 2026 12:40
Бишкекте “ШКУ плюс” форматындагы жыйын башталууда
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Бишкекте “ШКУ плюс” форматындагы жыйын башталууда.

Учурда “Ырыс Ордо” конгресс-борборуна жыйындын катышуучулары келип жатат. Аларды президент Садыр Жапаров тосуп алууда.

Эл аралык уюмдардан Бириккен Улуттар Уюмунун, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын жана Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин өкүлдөрү да катышуусу күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, “ШКУ плюс” форматындагы кеңейтилген курамдагы жогорку деңгээлдеги жолугушууда кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашуу болот.