Билим берүү кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленди

5 октябрь 2026 12:10
e090e1ee-2c49-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
c63bd0f7-be3f-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
e8816b7a-0897-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
efcde41f-c5da-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
28a73ff2-1ea4-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
e090e1ee-2c49-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
c63bd0f7-be3f-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
e8816b7a-0897-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
efcde41f-c5da-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
28a73ff2-1ea4-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. "Ырыс Ордодо" Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.

Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан келген педагогдор катышып, “Жылдын мыкты мугалими” сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар мугалимдер сыйланды.

Адылбек Касымалиев республикалык “Жылдын мыкты мугалими” сынагынын баш байгесинин ээси Меруэт Бакировага Чолпон-Ата шаарындагы бир бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

Меруэт Бакирова — Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тамчы жалпы билим берүү мектебинин “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагынын мугалими.

Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев президенттин фондунан 18 педагогдун ар бирине 500 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырды. Алардын 14ү “Жылдын мыкты мугалими” кароо-сынагынын предметтик номинацияларынын жеңүүчүлөрү болсо, төртөө “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү.

Белгилей кетсек, республикалык сынактын финалдык этабына облустук жана шаардык этаптардын жыйынтыгы менен тандалып алынган 133 мугалим, 27 тарбиячы жана 8 кошумча билим берүү педагогу катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө педагогдор үчүн майрамдык концерттик программа уюштурулуп, кесиптик майрамы менен куттуктоолор айтылды. Иш-чара жылуу жана жагымдуу маанайда өтүп, мугалимдерге жакшы маанай тартуулады.