Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Бишкектеги “Ырыс Ордо” конгресс-борборунда ШКУ саммити башталды. Ага президент Садыр Жапаров төрагалык кылып, жыйынды ачык деп жарыялады.
Жыйын андан ары жабык эшик артында өтөрү айтылды.
Белгилей кетсек, саммит Кыргызстандын ШКУга 2025-2026-жылдардагы төрагалыгынын алкагындагы негизги жыйынтыктоочу иш-чара болот.
Кыргызстан бул төрагалыкты “ШКУга 25 жыл: биргеликте туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө карай” деген ураандын алдында жүргүзүүдө.