Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Бишкектеги “Ырыс Ордо” конгресс-борборуна мамлекет башчылары келе баштады.
Президент Садыр Жапаров өлкө башчыларын тосуп алып, сүрөткө түшүп жатат. Алгач конгресс-борборго Иран, Беларусь, Казакстан, Тажикстан мамлекеттеринин жетекчилери келишти.
Айта кетсек, иш-чарага Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Азербайжан, Армения, Монголия, Того, Түркия, Лаос, Вьетнам жана Египеттин өлкө жетекчилери катышат.
Эл аралык уюмдардан Бириккен Улуттар Уюмунун, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын жана Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин өкүлдөрү да катышат.
Белгилей кетсек, саммит Кыргызстандын ШКУга 2025–2026-жылдардагы төрагалыгынын алкагындагы негизги жыйынтыктоочу иш-чара болот. Кыргызстан бул төрагалыкты “ШКУга 25 жыл: биргеликте туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө карай” деген ураандын алдында жүргүзүүдө.