Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. “Ала-Арча”мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмунун ЖМК жана аналитикалык борборлор форумунун пленардык жыйыны өтүүдө.
Форумдун экинчи бөлүгү гуманитардык жана маданий кызматташтык маселелерине арналган. Катышуучулар цивилизациялар аралык диалог, маданий алмашуу жана заманбап технологиялардын ролу тууралуу пикир алышууда.
Пленардык жыйындын бул бөлүгүндө төмөнкү негизги темалар каралууда:
- ШКУ алкагындагы гуманитардык кызматташтык жана маданий алмашуунун практикасы;
- “Поэтикалык Жибек жолу” аркылуу цивилизациялар диалогу жана маданий байланыш;
- IT жана жасалма интеллект (AI) технологияларынын жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана алардын цивилизациялардын өз ара байланышынын күчөшүнө тийгизген таасири;
- Улуттук бренддерди чет өлкөлүк рынокторго чыгарууда маданияттын ролу жана алардын баалуулугун таанытуу.
Эскерте кетсек, иш-чара ШКУ өлкөлөрүнүн ортосунда маалыматтык, маданий жана технологиялык кызматташууну тереңдетүүгө багытталган.
Белгилей кетсек, форум Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги жана Кытайдын Синьхуа маалымат агенттиги тарабынан уюштурулуп, ШКУга мүчө мамлекеттерден, байкоочу өлкөлөрдөн 250гө жакын жергиликтүү жана чет элдик өкүлдөр катышууда.