Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн илим жана техника маселелери боюнча жыйыны өтүүдө

ШКУ Загрузка... 22 Май 2026 11:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин илим жана техника маселелери боюнча министрликтеринин жана мекемелеринин жетекчилеринин 10-жыйыны өтүүдө.

Жолугушуунун негизги максаты — ШКУга мүчө-мамлекеттердин ортосунда илим, технология жана инновация тармагындагы кызматташууну чыңдоо жана өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү.

Кеңешменин алкагында илимий-техникалык өнөктөштүктүн актуалдуу маселелери талкуулануу менен бирге тажрыйба алмашуу жүргүзүлүп, катышуучу өлкөлөрдүн илимий потенциалын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди иштеп чыгуу пландалууда.

Илим жана техника маселелери боюнча 10-жыйындын ишине ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкүлдөрү, анын ичинде Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын делегациялары, ошондой эле ШКУнун Катчылыгынын өкүлдөрү катышууда.

Кеңешме илим, техника жана инновация жаатындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулоо, ошондой эле ШКУга мүчө-мамлекеттердин ортосундагы өнөктөштүк байланыштарды чыңдоо үчүн маанилүү эл аралык аянтча болууда.

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги бул кеңешменин өткөрүлүшү эл аралык илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө олуттуу салым кошорун белгилейт.