Бишкекте “ШКУ+” форматындагы жыйын аяктады

ШКУ 1 сентябрь 2026 16:55
Бишкекте “ШКУ+” форматындагы жыйын аяктады
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Бишкекте бүгүн, 1-сентябрда “ШКУ+” форматындагы жыйын аяктады.

“Ырыс Ордо” конгресс-борборунда өткөн жыйында ШКУга мүчө мамлекеттердин жетекчилери, ошондой эле Мисирдин премьер-министринин орун басары Хусейн Мохамед Ахмед Исса, Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Лаостун президенти Тхонглун Сисулит, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух,

Того vинистрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана БУУнун башкы катчысы Антониу Гуттериш катышты.

Жыйында алар "БУУ адилеттүү дүйнөлүк тартиптин негизги элементи катары: ШКУга кошулган мамлекеттердин көп полярдуу дүйнөнүн калыптанышына кошкон салымы" деген теманын алкагында сунуштарын ортого салышты.

Мындай форматтагы жыйын бүгүнкү күндө ШКУ менен бир катар уюмдардын кызматташтыгын арттырууга, күн тартибиндеги эл аралык деңгээлдеги маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн аянтча болуп берери белгиленди.