Бишкекте шайлоочулардын добуштарын сатып алууну көздөгөндөр аныкталды

Укук тартиби Загрузка... 08 Ноябрь 2025 15:30
photo_5222222229968457147_y.jpg
copyright icon ИИМдин басма сөз кызматы

Бишкек, 08.11.25 /Кабар/. 24-октябрда Бишкекте милиция кызматкерлери шайлоочулардын добуштарын сатып алуу аракетин аныктаган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда белгисиз адамдар 30-ноябрда мөөнөтүнөн мурда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун алдында акча каражаттарын таратуу жолу менен шайлоочулардын добуштарын сатып алууну пландашкан. Бул максатта жарандарды Бишкек шаарынын Касымалы Баялинов көчөсүндө жайгашкан тамактануучу жайларынын бирине чакырышкан.

ИИМдин кызматкерлери Бишкек ШИИББнин Экстремизм жана миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте КР Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында атайын ыкчам иш-чаралары жүргүзгөн.