Бишкекте самбо боюнча өлкө чемпионаты башталды

Спорт Загрузка... 16 Февраль 2026 17:36
634995049_924958066544078_4861848201496950415_n.jpg
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Бүгүн Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдештин ачылуу аземине агенттиктин директорунун орун басары Бузурман Багышбеков, спортсмендер жана бир катар өкүлдөр катышты.

Биринчи күнү 58-71-88-98-килограммдык салмакка чейинки спортчулар күч сынашат.

Аталган мелдеш 17-февралга чейин уланат.