Бишкекте оор атлетика боюнча эл аралык турнир өтөт

Спорт Загрузка... 19 Декабрь 2025 16:42
1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 19.12.25. /Кабар/. 24-26-декабрда Бишкек шаарындагы "Газпром" балдардын дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде оор атлетика боюнча эл аралык турнир өтөт.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, турнир 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиада оюндарында Каныбек Осмоналиевдин жеңишинин 45 жылдыгын белгилөөгө арналат.

WhatsApp Image 2025-12-19 at 16.20.27

Турнир төмөнкү салмак категорияларында өткөрүлөт:

Эркектер арасында: 60 кг, 65 кг, 71 кг, 79 кг, 88 кг, 94 кг, 110 кг, +110 кг.

Кыз-келиндер арасында: 48 кг, 53 кг, 58 кг, 63 кг, 69 кг, 77 кг, 86 кг, +86 кг.

Иш-чара Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Оор атлетика федерациясы тарабынан уюштурулууда.