Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Бишкекте Nomad Sport компаниясынын 8 жылдыгына арналган Nomad Awards сыйлык тапшыруу аземи өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара чуркоо сезонунун жыйынтыгын чыгаруу, ошондой эле спорттук коомчулук менен мамлекеттик түзүмдөрдүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо үчүн маанилүү аянтчага айланды.
Салтанатка Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, шаардык кызматтардын, ар кандай уюмдардын өкүлдөрү, демөөрчүлөр жана өнөктөштөр катышты.
«Бишкек мэриясы шаар тургундарын активдүү жана сергек жашоого үндөгөн демилгелерди ар дайым колдойт. Nomad Sport долбоорлору борбор калаанын имиджин көтөрүүгө жана улуттун ден соолугуна чоң салым кошууда. Биз мындан ары да шаардыктар үчүн масштабдуу спорттук иш-чараларды өткөрүүгө көмөктөшө беребиз», — деди Виктория Мозгачева.
Уюштуруучулар спорттук иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө көмөктөшкөн шаардык кызматтарга ыраазычылык билдиришти. Кеченин маанилүү бөлүгү катары — чуркоо коомчулугун, машыктыруучуларды жана бренддерди бир аянтчага бириктирген Nomad Run Hub долбоору тааныштырылды.
Акыркы 8 жыл ичинде Nomad Sport компаниясы мэрия менен тыгыз кызматташтыкта чуркоону массалык кыймылга айлантып, миңдеген адамдардын башын бириктире алды. Эгер 2018-жылы катышуучулардын саны 2 204 болсо, 2025-жылы бул көрсөткүч 13 010 адамга жетти. Жалпысынан сегиз жыл ичинде жарыштарга 64 миңден ашуун адам катышкан.
Nomad Awards 2026 иш-чарасы спорт маданиятын өнүктүрүү — шаар бийлиги менен коомчулуктун натыйжалуу кызматташуусунун жемиши экенин дагы бир жолу тастыктады.