Бишкекте мыйзамсыз иштеген жеке медклиникалар аныкталды

Укук тартиби Загрузка... 28 Ноябрь 2025 10:51
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 28.11.25. /Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз медициналык жеке клиникалар жана дары-дармектер аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Бишкекте жүргүзүлгөн рейддик салыктык текшерүү учурунда мыйзамсыз медициналык дары-дармектерди жана буюмдарды, ошондой эле тиешелүү лицензиясы жок иштеп жаткан жеке клиникаларды аныкташкан.

Тактап айтканда, борбордогу жеке медициналык клиникалардын бирин текшерүү учурунда ар түрдүү медициналык дары-дармектер жана буюмдар, анын ичинде баштапкы документтери жок медициналык жабдуулар табылган.

Ошондой эле аталган клиника ишмердүүлүгүн салыктык каттоосуз жана тиешелүү лицензиясыз жүргүзүп келгени аныкталды.

Мындан тышкары, фармацевтикалык ишмердүүлүктү лицензиясыз жүргүзгөн Б.А.М. аттуу башка жеке ишкерге таандык кампадан Кыргызстандын медициналык буюмдар реестрине киргизилбеген медициналык дары-дармектер табылган. Текшерүү учурунда дары-дармектердин кутуларына "медициналык буюм" деген оригиналдуу марканын үстүнөн "косметикалык каражат" деген этикеткалар чапталгандыгы да белгилүү болгон.

Салык кызматынын жана Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери тарабынан тиешелүү актылар түзүлүп, жалпы суммасы 5,2 млн сом калдык алынган.