Бишкекте мыйзам бузуу менен медборбор куруп жаткан компанияга айып салынды

Укук тартиби 19 Январь 2026 13:31
618701637_1392449525687426_4561372735939209123_n.jpg
617847851_1392449535687425_8458553244294206887_n (1).jpg
616764351_1392449552354090_289659135138360986_n.jpg
Алдыга
Артка
618701637_1392449525687426_4561372735939209123_n.jpg
617847851_1392449535687425_8458553244294206887_n (1).jpg
616764351_1392449552354090_289659135138360986_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 19.01.26. /Кабар/. Күн мурун курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев борбор калаадагы бир катар курулуш объектилерине рейд жүргүздү.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, рейддин алкагында Бишкек шаарынын Табалдиев көчөсү, 29 дарегиндеги 4 кабаттуу медициналык борбордун курулушу текшерилип, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.

Алсак, имаратты жана курулмаларды долбоорлоодо жана курууда техникалык регламенттин талаптары сакталган эмес. Ошондой эле алар менен байланышкан бир нече ченемдик-укуктук актылар бузулган. Мындан улам курулуш иштерин жүргүзгөн "Палладий Групп" ЖЧКсына карата 200 миң сом өлчөмүндө айып салынып, мыйзам бузууларды четтетүү боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилди.

Министрлик курулуш тармагында иш алып барган бардык уюмдарды жана жеке жактарды мыйзамдарга ылайык курулуш талаптарын, ченемдерин жана эрежелерин так сактоого чакырат.

Ошондой эле жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында техникалык регламенттердин талаптарын так аткарууга, курулуш иштерин белгиленген стандарттарга ылайык жүргүзүүгө өзгөчө көңүл буруунун зарылдыгын эскертет.