Бишкекте "Мурас" салттуу достук мелдеши өтөт - командалардын тизмеси

Спорт Загрузка... 09 Декабрь 2025 13:45
dos_0001.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 09.12.25. /Кабар/. 13-14-декабрда өлкөнүн ар кыл тармактарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн 16 команданын катышуусу менен "Мурас" салттуу достук мелдеши өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке төмөнкү командалар күч сынашат:

  • "Президенттин командасы";
  • "Аймактар";
  • "Билим";
  • "Ден соолук";
  • "Динамо";
  • "Достук";
  • "Журналистер";
  • "Коопсуздук";
  • "Көзөмөл";
  • "Өнөр";
  • "Спорт чеберлери";
  • "Фемида";
  • "Ыйман";
  • "Элчилер";
  • "Иш башкармалык";
  • "Юстиция".

Турнир Кыргыз футбол биримдигинин спорткомплексинде жана "Газпром балдарга" дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында өткөрүлөт.

Мелдештин оюндарын УТРК Спорт жана ЭлТР телеканалдары түз алып берет.

Мелдеш Кыргыз футбол биримдиги тарабынан президенттин администрациясы менен тыгыз кызматташтыкта уюштурулат.

Белгилей кетсек, мелдеш 2022-жылы Кыргыз футбол биримдиги тарабынан демилгеленип, президенти Садыр Жапаров тарабынан колдоого алынган. Салтка айланган бул достук мелдеши тогузунчу жолу ойнотулат. Мелдештин учурдагы чемпиону – "Ден соолук" командасы.