Бишкектеги мектептерде кылмыштуулуктун жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча лекциялар өткөрүлдү

Коом Загрузка... 04 Март 2025 10:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. Бишкектеги №19, №68, №41, №54 жана №93 орто мектептеринин 9,10,11-класстарынын окучууларына кылмыштуулуктун жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча лекциялар өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Лекцияларды министрликтин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө карыш күрөшүү кызматынын, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери мектептин өкүлдөрү жана класс жетекчилери менен биргеликте өткөрүштү.

Алдын алуу лекциялары ИИМдин өспүрүмдөр арасында кылмыштардын жана зордук зомбулук ждана терс мүнөздөгү окуяларды болтурбоогө бөгөт кою боюнча иштелип чыккан текскеменин негизинде уюштурулду.

Аталган лекцияларда кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун, опузалоонун алдын алуу жана окуучулардын милдети менен укугу жөнүндө айтылып, мектетепдин жетекчилигинин катышуусунда окуучулардын ата-энелери менен түшүндүрүү иш-чаралары дагы өткөрүлдү.   

Мындай иш-чаралар Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан жалпы билим берүү мекемелерине мындан ары дагы улантылат.