Бишкек, 18.11.25. /Кабар/. Бишкекте жарандардын жана мамлекеттик кызматкерлердин арасында медиа сабаттуулукту өнүктүрүүгө багытталган “Кыргызстанда медиа демилгелерди илгерилетүү: медиа жана маалыматтык сабаттуулукту өнүктүрүүгө басым жасоо” аталышындагы форум өттү.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги эл аралык уюмдар биргеликте уюштурган бул иш-чаранын алкагында маалыматтык сабаттуулук, маалыматтык коопсуздук темасы талкууланып, мамлекеттик кызматкерлер үчүн бул багытта иштелип чыккан колдонмо китепче таркатылды.

Белгилүү болгондой, форумдун максаты медиа жана маалыматтык сабаттуулукту өнүктүрүү, кастык тилине каршы туруу жана онлайн - модерация механизмдерин бекемдөө. Ошондой эле мамлекет, медиа жана жарандык коомдун ортосунда коалициялык жана диалогдук мамилени калыптандыруу аркылуу Кыргызстанда медиа демилгелерди илгерилетүүгө көмөктөшүү. Анткени, бүгүнкү күндө ар бир жаран маалыматты угуп, көрүп эле тим болбостон же ага дароо ынанбастан, сын көз караш менен карап, анализдеп баа бере турган жөндөмгө ээ болушу керек.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков форумда сөз сүйлөп, маалымат негизи мамлекет менен коомдун ортосундагы көпүрө экенин баса белгиледи.

"Маалымат негизги күч эмес, бирок башкарылган маалымат күч. Маалымат мамлекет менен коомдун ортосундагы көпүрө. Маалыматты кайда бурсак, ошого карата чындыкка айланып кете берет. Азыркы маалымат кылымында кимде маалымат көп болсо, ошол башкарууга же башка сапаттарга ээ болот деген дүйнөлүк тенденция бар. Маалыматты чыгарууда, башкарууда эмнелерге көңүл бурулуш керек, эмнелерди эске алыш керек, кайсы алгоритм менен иш алып барыш керек деген маселелер камтылган жалпы кесиптештер, мамлекеттик кызматкерлер үчүн методикалык китепче бүгүнкү күнгө иштелип чыкты.
Биздин негизги максатыбыз маалыматты туура иштеп чыгып, аудиторияга туура, анык маалымат жеткирүү. Маалыматты чыгаруунун алдында тактап, эки тараптуу объективдүүлүк менен чыгаруу негиз болуш керектиги ЮНЕСКО уюму менен биргеликте чыгарылган бул колдонмо китепчебизде да камтылган”,- деди Надырбеков.

Азыркы санариптик трансформация, маалыматтык ачык-айкындуулук шартында мамлекеттик кызматкерден мыйзамдарды жана тартиптерди билүү гана эмес, маалыматты түшүнүү, текшерүү, манипуляцияларды таануу, ишенимдүү маалыматка негизделген билдирүүлөрдү берүү жана чечим кабыл алуу талап кылынат. Мамлекеттик кызматкерлер маалымат менен иштөөдө сынчыл ой жүгүртүп, расмий документтерден тартып, коомчулук менен ачык байланышууга чейинки процесстерде жоопкерчилик менен кесипкөйлүктү сактоосу абдан зарыл.
Иш-чарага катышкан “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков форумдун тематикасы кеңири алынып, маанилүү маселелер каралып жатканын маалымдады.

“Форумдун тематикасы кеңири алынып, маанилүү маселелер каралып жатат. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлерге арналып чыгарылган медиа жана сабаттуулук боюнча бул колдонмо учурда абдан керектүү. Ар бир мамлекеттик органдар берген маалыматтын тактыгына, ачыктыгына болгон талап өтө жогору. Журналисттер көп жылдан бери сактап жүргөн фактчекинг, маалыматты текшерүү, маалымат берүү маданияты менен стандарттарын мамлекеттик кызматкерлер да жакындан таанышып, колдонушу керек. Себеби, мамлекеттик органдардын берген маалыматы туура эмес болуп, терс таасир бербеши керек. Ошондуктан мамлекеттик органдардын маалымат кызматтары үчүн бул форум жана медиа сабаттуулук боюнча колдонмо абдан маанилүү”, - деди Дүйшөнбеков.

Форумдун жүрүшүндө журналисттер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана тармактын адистери санарип чөйрөдөгү заманбап чакырыктар, аларды жеңүүдө медиа жана маалыматтык сабаттуулуктун ролун талкуулап, жасалма интеллект, жалган маалымат жайылтуу шарттарында онлайн-модерацияны өнүктүрүү боюнча тажрыйба жана ыкмалар менен бөлүшүштү.
Министрликтердин жана мамлекеттик органдардын, медиа тармагынын, жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышкан форумдун жыйынтыгында медиа демилгелердин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн мамлекет, медиа жана жарандык коом ортосунда үч тараптуу коалициялык жана диалогдук мамилени чыңдоо маселелери каралды.