Бишкекте массалык башаламандыкка чакырык жасоого шектүү кармалды

Укук тартиби Загрузка... 15 Декабрь 2025 14:46
copyright icon ИИМ

Бишкек, 15.12.25. /Кабар/. Массалык башаламандыкка чакырык жасоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1971-жылы туулган Ж.М. аттуу жаран шектүү катары кармалып, тинтүү учурунда жашаган жеринен жана өзүнө таандык Toyota 4Runner унаасынан өзүнө таандык документтер, ар кандай үлгүдөгү беш уюлдук телефон, микро-SIM-карта, чет өлкөлүк номерлер, кол жазмалары бар эки күндөлүк, "Ашара Хидаст" деген жазуусу бар 14 беттен турган папка, араб тилиндеги 68 китеп, араб тилиндеги китептер салынган бир куту, ошондой эле "ИНЕ" үлгүсүндөгү эки рация жана тергөө үчүн маанилүү болгон башка буюмдар табылды.

Тергөөдө Бишкектеги айрым жарандардын мамлекеттик саясатка нааразылыгын билдирип, чогулуштарды уюштуруу жана үгүт жүргүзүү жолу менен массалык башаламандыкка чакырган аракеттери аныкталды.

Учурда кармалган жаран соттун чечими менен 5-январга чейин камакка алынды.

Тергөө иш-чаралары улантылууда.