Бишкек, 07.01.26. /Кабар/. Бишкекте мас айдоочу милициядан качып, бутунан жаракат алды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мас абалында унаа башкарган айдоочу милиция кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу боюнча мыйзамдуу талабына баш ийбей, качууга аракет кылган.
Андан кийин айдоочу унаасын токтотуп, жөө качууга аракет кылып, натыйжасында бутунан жаракат алган. Бирок, ал кармалып, текшерүү учурунда ичимдик ичкенди аныкталган.
Окуянын жыйынтыгында айдоочуга карата тиешелүү укук бузуулар боюнча протоколдор түзүлүп, унаасы атайын жайга токтотулду.