Бишкекте “Локомотив” муз тебүүчү аянтчасы ишин баштады

Коом 6 октябрь 2026 16:25
WhatsApp Image 2026-10-06 at 14.59.25.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-06 at 14.59.30.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-06 at 14.59.19.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-06 at 14.59.12.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-06 at 14.59.25.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-06 at 14.59.30.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-06 at 14.59.19.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-06 at 14.59.12.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Бишкектеги “Локомотив” спорттук-ден соолукту чыңдоо комплексинин муз тебүүчү аянтчасы жаңы сезонго карата ачылды. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-октябрда өткөн ачылыш аземине ишкананын жетекчилиги, жаш спортчулар жана алардын ата-энелери катышты.

Иш-чаранын алкагында “Локомотив” комплексинин хоккей командасы көрүүчүлөргө көрсөтмөлүү оюн тартуулады.

Жалпы аянты 1 миң 122 чарчы метрди түзгөн муз тебүүчү аянтча бир убакта 150 адамды кабыл ала алат. Ал эми көрүүчүлөр үчүн 850дөн ашык орун каралган.

Комплексте көркөм муз тебүү, хоккей, футбол, бий жана башка спорттук багыттар боюнча секциялар иштейт.

Муз тебүүчү аянтча күн сайын саат 10:00дөн 24:00гө чейин иштейт.