Бишкекте кытайлык туристтер үчүн гиддерди даярдоо боюнча кыска мөөнөттүү курстар ачылды

Туризм 6473 13 Март 2025 12:00
tourists-main-e1538040181284.max-1920x1080.format-webp.webp
484112859_18056068385112168_9.max-1920x1080.format-webp.webp
484004709_18056068394112168_2.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
tourists-main-e1538040181284.max-1920x1080.format-webp.webp
484112859_18056068385112168_9.max-1920x1080.format-webp.webp
484004709_18056068394112168_2.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Туризм департаменти

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Бишкекте кытай тилин билген гиддерди жана котормочуларды даярдоочу кыска мөөнөттүү интенсивдүү курстар ачылды. Бул тууралуу Туризм департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, курстун программасына тил үйрөнүү, кытай маданияты, туристтик артыкчылыктар жана заманбап тейлөө стандарттары кирет.

Курстар Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз-Кытай институту тарабынан уюштурулууда.

Белгиленгендей, Туризм департаменти тарабынан туризм тармагында квалификациялуу адистерге болгон суроо-талаптын өсүп жаткандыгына байланыштуу курстарды ачуу демилгеси көтөрүлгөн.

Иш-чарага туризм тармагынын өкүлдөрү, өлкөнүн алдыңкы университеттеринин (БМУ, КУУ, Туризм академиясы) окутуучулары жана студенттери катышты.

Туризм департаментинин өкүлү Н.Акжолова өз сөзүндө кадрларды сапаттуу даярдоосуз туризм тармагын өнүктүрүү мүмкүн эместигин баса белгиледи.

«Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын экономикалык кызматташуудагы негизги өнөктөштөрүнүн бири бойдон калууда жана Кытайдан келген туристтердин агымы күн санап өсүүдө. Буга байланыштуу туризм тармагында адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү артыкчылыктуу милдеттердин бири болуп саналат. Бул курстардын ачылышы Кыргыз Республикасынын Кытайдан келген туристтер үчүн жагымдуу жана популярдуу багыт катары позициясын бекемдөөгө жасалган олуттуу кадам», - деди ал.

Туризм тармагынын өкүлдөрү бүтүрүүчүлөр менен кызматташууга даяр экендиктерин билдирип, гид жана котормочуларды сапаттуу даярдоо тейлөөнүн деңгээлин жогорулатып, Кыргызстандын туризминин өнүгүшүнө салым кошоорун баса белгилешти.