“Ala Tower” жана Байтик баатыр көчөсүндөгү бүтпөгөн курулуштар тездетилет

Коом 27 августа 2026 10:50
788261457_2934816716864901_670222436053956840_n.jpg
785248929_4363256290594263_4222319746704766542_n.jpg
785141555_1397112791750221_5125741681446239876_n.jpg
786801697_2480796342426652_1328598360249263541_n.jpg
787873212_1390074935788396_5303184807582381594_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарында бүтпөй турган курулуш объектилериндеги иштерди күчөтүү тапшырылды.

Мэриядан билдиришкендей, шаар жетекчиси Айбек Жунушалиев эки объектти кайрадан жеринен барып текшерди.

Алгач мэр Орозбеков көчөсү, 72 дарегинде жайгашкан, төрт деңгээлдүү унаа токтотуучу жайы бар “Ala Tower” көп функционалдуу борборунун курулушуна барды.

Ошондой эле Айбек Жунушалиев Байтик баатыр көчөсүндөгү 60, 62 жана 64-үйлөрдүн даректеринде көп батирлүү турак жай объектисинин абалы менен таанышты.

Бул объект боюнча инвестор аныкталып, жер тилкелерин сатып алуу иштери жүргүзүлгөн. Учурда курулуш иштерин баштоо үчүн зарыл болгон документтерди даярдоо иштери жүрүп жатканы айтылды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мэр эки объект боюнча тең иштерди күчөтүүнү жана аларды мындан ары белгиленген тартипте ишке ашырууну камсыз кылууну тапшырды.