Куралдуу күчтөргө 34 жыл: Улуттук филармонияда маараке өтүүдө

Коом 404 29 Май 2026 11:40
6a19265267a33.jpeg
6a19264b3a431.jpeg
6a19264d5bbdc.jpeg
6a19265c6b53c.jpeg
6a19264f44f46.jpeg
6a19265b508b7.jpeg
6a19265ec5166.jpeg
6a192649e51cb.jpeg
6a192660b81be.jpeg
6a1926508c777.jpeg
6a1926547e1d6.jpeg
6a1926569f9b2.jpeg
6a1926592df76.jpeg
6a1926600dd8e.jpeg
6a19265706abf.jpeg
6a192647012ca.jpeg
6a19264966707.jpeg
6a19265514067.jpeg
Алдыга
Артка
6a19265267a33.jpeg
6a19264b3a431.jpeg
6a19264d5bbdc.jpeg
6a19265c6b53c.jpeg
6a19264f44f46.jpeg
6a19265b508b7.jpeg
6a19265ec5166.jpeg
6a192649e51cb.jpeg
6a192660b81be.jpeg
6a1926508c777.jpeg
6a1926547e1d6.jpeg
6a1926569f9b2.jpeg
6a1926592df76.jpeg
6a1926600dd8e.jpeg
6a19265706abf.jpeg
6a192647012ca.jpeg
6a19264966707.jpeg
6a19265514067.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 29.05.26 /Кабар/. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн 34 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө.

Мааракеге мамлекеттик жана аскердик жетекчилер, ардагерлер, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, чек арачылар жана жоокерлер катышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Куралдуу күчтөрдүн өздүк курамын жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Ал өз сөзүндө мамлекеттин коргонуу жөндөмүн чыңдоо акыркы жылдары өлкө саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан куралдуу күчтөрдү модернизациялоо, чек ара коопсуздугун бекемдөө жана аскер кызматкерлеринин социалдык шарттарын жакшыртуу боюнча олуттуу кадамдарды жасады.

“1992-жылдын 29-майында мурдагы советтик аскер бөлүктөрү Кыргызстандын карамагына өткөрүлүп берилип, улуттук армиянын түптөлүшүнө негиз салган. Ошондон бери Куралдуу күчтөр калыптануунун жана өнүгүүнүн татаал, бирок ийгиликтүү жолун басып өттү. Бүгүн мамлекет армияны заманбап курал-жарак жана аскердик техника менен мамлекеттин эсебинен камсыздоого мүмкүнчүлүк түздү. Аскердик инфраструктура жаңыланып, жаңы казармалар, аскер шаарчалары жана турак жайлар курулуп жатат. Аскер кызматкерлеринин эмгек акылары жогорулатылып, алардын социалдык абалын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулууда.
Элибиз эзелтеден мекен коргоочуларын урматтап келген. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы аскердик эрдик жана мекенчилдик менен тыгыз байланышкан. Бүгүнкү күндө да жоокерлер өлкөнүн көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн жана улуттук коопсуздугун коргоодо бекем тирек болуп саналат. Мамлекет сиздерге ишенет жана таянат. Аскердик чеберчиликтин, кайраттуулуктун жана мекенге берилгендиктин үлгүсү бойдон кала бергиле”,- деди Адылбек Касымалиев.

Ал ошондой эле Кыргызстан аскердик кызматташтыкты эки тараптуу жана эл аралык уюмдардын алкагында активдүү өнүктүрүп жатканын белгилеп, тынчтык миссиялары бул багыттагы ишенимдүү кызматташтыктын айкын мисалы экенин кошумчалады.

Салтанаттуу азем Куралдуу күчтөрдүн аскердик оркестринин жана маданий кызматкерлеринин концерттик программасы менен уланууда. Мааракенин алкагында бир катар аскер кызматкерлери жана тармак өкүлдөрү сыйлыктар менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, өлкөдө жыл сайын 29-май — Куралдуу күчтөрдүн күнү катары белгиленип келет. Бул күн эгемендүү Кыргызстандын улуттук армиясы расмий түрдө түзүлгөн күн болуп саналат.