Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат – сүрөт баян

Спорт Загрузка... 06 Апрель 2026 23:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты башталды.

Чемпионаттын биринчи күнү грек-рим күрөшү боюнча беш салмак ченинде финалисттер аныкталды.

Кыргызстандын курама командасынан бул күнү беш спортчу килемге чыкты. Алардын төртөө жарым финалга чейин жетип, Афтандил Таалайбек уулу, Акжол Махмудов жана Асан Жанышов ишенимдүү түрдө жеңишке жетишип, финалга жолдомо алышты.

Улан Муратбек уулу финалга чыгуу үчүн болгон таймашта жеңилип калып, эми коло медаль үчүн күрөшүн улантат.

Роман Ким мелдешти жеңиш менен баштаган, бирок чейрек финалда ирандык балбанга утулуп калды. Кийин атаандашы финалга чыкканына байланыштуу кыргызстандык балбан коло медаль үчүн таймашууга мүмкүнчүлүк алды.

Эми эртең, 7-апрелде коло жана алтын байге үчүн беттештер өтөт.

Ошондой эле алдыда спорт сүйүүчүлөрүн эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер күтөт.

Белгилей кетсек, мелдешке Азиянын эң күчтүү балбандары катышып, грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашууда.

Жалпысынан 350гө жакын балбан катышып, 30 комплект медаль ойнотулууда.

"Кабар" агенттиги чемпионаттагы сүрөттөр менен бөлүшөт.