Бишкекте Кронштадтская көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат. Себеби

Коом Загрузка... 28 Март 2026 10:09
images.jpg
copyright icon www

Бишкек, 28.03.26. /Кабар/. Бүгүн, 28-марттан тартып Бишкек шаарындагы Кронштадтская көчөсүнүн Фучик көчөсүнөн Месароша көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жолдо эки катмар асфальт төшөө, ирригациялык система жана жаңы тротуарлар курулат.

Мэрия шаар тургундарын убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, каттамды алдын ала пландап алууну сунуштайт.