Бишкекте коопсуздук эрежелерин сактабаган курулуш компаниясына айып салынды

Укук тартиби 10 декабрь 2025 11:44
WhatsApp Image 2025-12-10 at 11.42.43 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-12-10 at 11.42.44 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-12-10 at 11.42.43 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-12-10 at 11.42.42 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-12-10 at 11.42.42 (2).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-12-10 at 11.42.43 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-12-10 at 11.42.44 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-12-10 at 11.42.43 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-12-10 at 11.42.42 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-12-10 at 11.42.42 (2).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 10.12.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын 10-кичи районунун №20 а дарегиндеги курулуш объектисинде коопсуздук техникалык эрежелери сакталбай жаткандыгы тууралуу жашоочулардан видео кайрылуу келип түшкөн.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан көрсөтүлгөн объектте текшерүү жүргүзүлдү.

Маалым болгондой, 4 кабаттуу соода борбордун курулушунда эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эрежелери сакталган эмес.

Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Глав Тех Инвест” ЖЧКсына карата админстративдик акт түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Ал эми курулуш объектисиндеги башчыга (прораб) 5500 сом өлчөмүндө айып салынды. Ошондой эле жазуу турүндө эскертүү берилип, кемчиликтер жоюлмайынча курулуш иштери убактылуу токтотулду.

Мындан сырткары, курулуш компаниясынын лицензиясын токтотуу маселеси атайын түзүлгөн комиссиянын отурумунда каралат.