Бишкекте коопсуздук эрежелерин бузган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Укук тартиби 23 октябрь 2025 12:45
whatsappimage20251022at200443-62968f9c61b421d71.51384466.jpg
whatsappimage20251023at120556-8568f9c61b427ce7.88426288.jpg
whatsappimage20251022at200441-89268f9c61b424ce4.13192698.jpg
Алдыга
Артка
whatsappimage20251022at200443-62968f9c61b421d71.51384466.jpg
whatsappimage20251023at120556-8568f9c61b427ce7.88426288.jpg
whatsappimage20251022at200441-89268f9c61b424ce4.13192698.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 23.10.25. /Кабар/. Бишкекте коопсуздук эрежелерин бузган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, министрликке күн мурун Бишкек шаарынын Ахунбаев-Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүзүлүп жаткан курулуш объектисинде коопсуздук техникалык эрежелери сакталбай жаткандыгы тууралуу видео кайрылуу келип түшкөн.

Аталган даректе курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Кыргыз Курулуш Долбоор” ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

Ал эми, 4-разряддагы мунара кранынын машинисти М. А. К. карата өзүнчө чаралар көрүлүүдө. Ошондой эле ал кран башкаруудагы уруксат кагаздарынын шайкештиги боюнча аттестациядан өткөрүлөт.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги курулуш уюмдарын КР “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын ченемдерин жана талаптарын, ошондой эле курулуштагы коопсуздук техникалык талаптарын толук сактоо зарылдыгын эскертет.