Бишкекте коомдук транспорттун ишинин сапатын жогорулатуу каралды

Коом Жүктөлүүдө... 06 Август 2026 10:10
763119622_928699756946985_356367754811368738_n.jpg
763193956_2834769113551763_5545276062998851432_n.jpg
765158280_917026174785526_1619223356395753075_n.jpg
Алдыга
Артка
763119622_928699756946985_356367754811368738_n.jpg
763193956_2834769113551763_5545276062998851432_n.jpg
765158280_917026174785526_1619223356395753075_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. Коомдук транспорттун ишин илгерилетүү максатында “Бишкек шаардык транспорту” муниципалдык ишканасынын жетекчилигинин жана каттам бригадирлеринин катышуусунда жыйын өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда коомдук транспорттун ишинин сапатын жогорулатуу, жүргүнчүлөрдү ташууда коопсуздукту камсыз кылуу, калкты тейлөө маданиятын, ошондой эле айдоочулардын эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча маселелер талкууланды.

​Жыйында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле жол кырсыктарын алдын алууну күчөтүү жана транспорттун тийиштүү техникалык абалын камсыз кылуу боюнча милдеттер коюлду.

​Мындан тышкары, айдоочулардын эмгек акысы маселелери боюнча толук маалымат берилди.

​Жыйында каттам бригадирлерине айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле эмгек тартибин, жол кыймылынын коопсуздук талаптарын жана жүргүнчүлөрдү тейлөө стандарттарын сактоо боюнча көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды.