Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Учурда «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын балансында 1 миң 407 автобус бар. Бул тууралуу ишкананын директору Талант Капаров Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, январь айында Түркиядан 68 автобус келген. Күн сайын 58 каттамга 1 миң 200 автобус элди тейлөөгө чыгат.
«Мисалы, 2022-жылы Бишкек шаарынын транспорт каттамдарынын 90 пайызы жеке менчик, 10 пайызы гана коомдук транспорт болгон. Ал эми азыр тескерисинче 90 пайызы коомдук-муниципалдык транспорт, 10 пайызы жеке менчик микроавтобустар”, - деди ал.