Бишкекте үйдөн өрт чыкты

Кырсык Загрузка... 08 Март 2026 17:02
WhatsApp Image 2026-03-08 at 16.59.19.jpeg
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 08.03.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Тимирязев көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 15:28де жалпы эки күжүрмөн эсеп тартылган.

Саат 15:51де тилсиз жоо чектөөгө алынды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, өрттүн жалпы аянты 250 чарчы метрди түздү. Үйдүн ичинен күйүүчү-майлоочу майлар жана иштетилген май коюлган идиштер табылды.

Кырсыктын себептери иликтенүүдө.